Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮ – кызматчы менен эмгек мамилесин түзгөн жеке, же болбосо юридикалык жак (уюм). Ж. б. кызматчыга эмгек акысын төлөп берүүгө жана мыйзамдарда, жамааттык келишимдерде же тараптардын макулдашууларында каралган эмгек шарттары менен камсыз кылууга милдеттүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ӨКҮЛДӨРҮ – юридикалык жактын уюштуруу документтерине ылайык уюмдардын жетекчилери же башка ыйгарым укуктуу жактар, ошондой эле ыйгарым укуктуу жактар же болбосо жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин (ассоциацияларынын) органдары.